Ссылки доступа

HOLA News сайтынан "Назарбаевдин жубайы" тууралуу материал өчүрүлдү


Казакстанда иш алып барган HOLA News интернет-басылмасынын негиздөөчүлөрү Алишер Кайдаров менен Адилет Турсынбек жана башкы редактору Зарина Ахматова долбоордон кетип жатканын билдиришти. Бул тууралуу кабар 15-октябрда басылманын сайтына жарыяланды.

"10 күндүк бөгөттөөдөн кийин бизге негизги принциптен баш тартууга туура келди. Биз сайттагы жаңылыкты өчүрдүк", — деп жазылган билдирүүдө.

HOLA News сайты Нурсултан Назарбаевдин "бейрасмий жубайы" деп айтылган Асель Курманбаеванын катышуусундагы офшордук келишимдерди ачыкка чыгарган Pandora Papers иликтөөсү тууралуу материалды өчүргөн. Азыр жаңылыкка кирген учурда актай баракча ачылууда.

Октябрдын башында Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) Казакстандын мурдагы президентинин бейрасмий жубайы Асель Курманбаева жашыруун офшордук келишимден 30 миллион доллар пайда тапканы тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда бул келишимге казакстандык дагы эки олигархтын тиешеси бар экени айтылган.

Pandora Papers иликтөөсүнө кайрылган казак басылмаларынын көбү андагы чет өлкөлүк саясатчылар менен ишкерлердин офшор эсептери тууралуу жазып, ошол эле маалда Казакстанга тиешелүү бөлүгүн көз жаздымда калтырышкан.

HOLA News’тан кетип жаткан негиздөөчүлөрү менен сайттын редактору "ишти жаңы команда менен уланта тургандыктарын" билдиришти.

HOLA News жаңылыктар порталы 5-октябрда бөгөттөлүп, 15-октябрда кайра ачыла баштаган.

Казакстан эл аралык Freedom House уюмунун Freedom on the Net баяндамасында "интернети эркин эмес" өлкөлөрдүн катарына киргизилген. Сентябрда жарыяланган баяндамада казак өкмөтү жарандардын интернетке кирүү мүмкүндүктөрүн чектеп, материалдарды өчүртүү үчүн техникалык эмес каражаттарды, анын ичинде “басым жасоо” жолун колдонууну улантып жатканы белгиленген.

Казакстан дүйнөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун рейтингинде 180 өлкөнүн ичинен 155-орунга жайгашкан.

XS
SM
MD
LG