Алия Назарбаеванын китебинин бетачары өткөн театрдын жетекчисине айып пул салынды

Алматыда Абай атындагы Мамлекеттик опера жана балет театрынын жетекчиси Таир Каратаевге 670 910 теңге (1500 доллар) өлчөмүндө айып пул салынды.

Коронавируска байланыштуу карантиндик чектөөлөр күчүндө болуп турган 16-сентябрда бул театрда көп кишинин катышуусунда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаеванын китебинин бетачары өткөн.

Алматынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин театр жетекчисине иш-чаранын катышуучулары “беткап тагынуу режимин сактабаганы үчүн” айып пул салынганын билдирди. Бекшин октябрдын башында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, китептин бетачарында эч кандай эреже бузулбаганын айткан.

Алия Назарбаеванын "Күч-кайрат мекени" аттуу китебинин бетачары Мамлекеттик опера жана балет театрында 16-сентябрда өткөн. Ал маалда коронавирустун жайылуу ылдамдыгы боюнча шаар "кызыл зонада" жайгашып, массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат жок болчу. Орусиялык артист Максим Галкин алып барган бетачарда казакстандык белгилүү ишкерлер, актерлор жана башка атактуу адамдардын жүргөнү байкалган.

​
XS
SM
MD
LG