Ссылки доступа

Казакстандагы ири ишканалар абага чыккан зыяндуу заттарды азайтууну пландоодо


Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев өлкөдөгү бир катар ири ишканалар абага чыккан зыяндуу заттарды азайтууну пландап жатышканын билдирди.

"АрселорМиттал Темиртау" болот департаменти отунду газга алмаштыруу жана электр фильтрлерин реконструкциялоо менен зыяндуу заттарды 30% кыскартууну көздөп жатат. Жезказган менен Балхаштагы жез эритүүчү "Казахмыс Смэлтинг" ишканалары алдыңкы технологияларды колдонуу менен жаңы күкүрт-кислоталык цехтерди курууну пландап жатат", — деди Брекешев өкмөттүн бейшемби күнкү жыйынында.

Анын айтымында, мындан тышкары Өскемендеги "Казцинк" металлургиялык комбинаты күкүрт-кислоталык заводундагы жылуулук алмаштыруучу жабдууларын алмаштырууну караштырып жатат. Бул абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды 21% азайтууга мүмкүндүк берет.

"Министрлик 89 ири компанияга жүргүзгөн технологиялык аудиттин жыйынтыгында алардын кыйла жеткиликтүү технологияларга өтүүгө даярдыгы ар түрдүү деңгээлде экенин көрсөттү. Айрым тармактар, анын ичинде мунай өндүрүү, цемент чыгаруу, баалуу металлдарды казуу жана химиялык өнөр жай ишканаларында даярдык жогорку деңгээлде экени аныкталды. Ошол эле маалда электр энергия тармагында жаңы технологияларды киргизүү деңгээле 34 гана пайызды түзөт экен. Бул жабдуулардын өтө эскирип калганына байланыштуу", — деди министр.

Казакстандын моношаарларындагы ишканалардан чыккан зыяндуу заттарга жана абанын булганышына байланышкан маселе көптөгөн жылдардан бери көтөрүлүп келет. Алсак, Караганды облусундагы 180 миңге жакын тургуну бар Темиртау шаарында өнөр жай ишканаларынын чыккан зыяндуу заттардан улам жааган кар бир нече сааттан кийин эле капкара болуп калат.

Буга чейин Экология министрлигинин өкүлдөрү комбинатка ээлик кылган "АрселорМиттал Темиртау" компаниясы жүргүзүп жаткан жаратылышты коргоо иш-аракеттери жыйынтык бербей жатканын билдиришкен. Маалыматтарга караганда, комбинат жылына абага 200-230 миң тонна зыяндуу зат бөлүп чыгарат. Бул шаардын ар бир тургунуна бөлгөндө 1,4 миң тоннадан туура келет.

XS
SM
MD
LG