Ссылки доступа

БУУ: Кыштын келиши менен Ооганстанда "Жердеги тозок" башталат


Кабул шаары
Кабул шаары

Сууктун түшүшү жана кургакчылык Ооганстанда азык-түлүк каатчылыгын жакындатууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эксперттери "Би-Би-Сиге" билдиришти.

"Оогандыктардын 95% тамак-аш таба албай кыйналып жатат. Биз болсо жөн гана карап турабыз. Кийинки алты айда Ооганстанда Жердеги тозок башталат", — деди БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кабулга барып келген аткаруучу директору Дэвид Бисли.

Ал эл аралык коомчулукту күнөөсүз адамдарды ачкачылыктан сактап калууга чакырды. "Биз жаш балдардын ачкадан өлүүсүнө мүмкүндүк берип жатабыз. Бул уят. Алардын кайсыл жерде экенине карабастан, жардам беришибиз керек", — деди Бисли.

Август айынан бери батыш өлкөлөрү жардам катары Ооганстанга азык-түлүк жана дары-дармек жеткирүүнү токтоткон.

Бүгүнкү күндө Кабулдан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Вардак провинциясында жүздөгөн киши унга кезек күтүп турат. Бул БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жеткирген жардамдын калдыгы.

"Кыш келип калды. Нан жабууга ун жок калса кыштан кантип чыгарымды билбейм", – деди кезекте турган улгайган тургун.

Буга чейин айрым ооганстандыктар азык-түлүккө акча таппай, кыздарын сатууга аргасыз болуп жатканы кабарланган.

2021-жылы августта эл аралык күчтөр Ооганстандан аскерлерин чыгарып кеткенден кийин өлкөдөгү бийликти "Талибан" кыймылы басып алган. Алар кыз-келиндердин билим алуусуна тыюу салып, адамдарды эл алдында өлүм жазасына тартуу, анын ичинде уурулук үчүн манжасын кесүү жазаларын кайра киргизишкен. Бүгүнкү күндө талибдердин режимин дүйнөдөгү бир да өлкө расмий түрдө тааный элек.

XS
SM
MD
LG