Ссылки доступа

Тажикстандын Жогорку соту укук коргоочу Иззат Амонго карата чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды


Тажикстандын Жогорку соту алдамчылык айыбы менен тогуз жылга соттолгон укук коргоочу Иззат Амонго карата чыккан сот өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу анын уулу Махмудюсуф Холов билдирди.

Анын айтымында, Жогорку сот алардын кассациялык арызын 16-ноябрда, атасынын катышуусусуз эле караган.

"Судья өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Адвокат Душанбе шаардык соту атамды далилсиз эле тогуз жылга соттогонун айтты. Жооп катары ага бул иш боюнча жаңы айыптар бар-жоктугу тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымкат алып келүүнү сунушташты", — деди ал.

Азырынча эмне болгон жаңы айыптар экени түшүнүксүз. Амондун жакындары ага алдамчылыктан башка айыптар тагылбаганын билдиришүүдө.

Душанбе шаардык соту 19-октябрда Иззат Амонду тогуз жылга эркинен ажыраткан. Анын уулу атасы доогерлердин бири белгилеген 232 сомони өлчөмүндөгү компенсацияны төлөбөгөнү үчүн гана соттолгонун айтууда.

Москвадагы тажик борборунун жетекчиси Иззат Амондун орус жарандыгы жокко чыгарылып, 25-мартта Тажикстанга депортациялангандан кийин кармалган. Расмий маалыматка караганда, активист ага алданып калдык деген бир нече кишинин арызынын негизинде кармалган. Жакындары укук коргоочуга коюлган айып негизсиз экенин билдирип келишет.

Иззат Амондун тарапташтары активист тажик бийлигин сындаганы үчүн кармалганын айтып чыгышкан. Орусияда ал мигранттарга юридикалык жардам көрсөтүүдөн сырткары социалдык медиада тажик өкмөтүнүн айрым иштерин сындап жүрчү.

XS
SM
MD
LG