Ссылки доступа

UNHCR Тажикстанды ооган качкындары үчүн чек арасын ачууга чакырууда


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы (UNHCR) Тажикстанды ооган качкындары үчүн чек арасын ачууга чакырууда. Бул тууралуу башкармалыктын өкүлдөрү 23-ноябрда Душанбеде өткөн басма сөз жыйынында билдиришти.

Башкармалыктын Борбор Азиядагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддердин айтымында, учурда Тажикстанда 12 миң ооган качкыны бар. Алардын 6 миңи өлкөгө быйыл жыл башында учак менен келишкен.

"Тажикстан быйыл жайдан бери качкындарга убактылуу жашап турууга уруксат берген документтерди берүүнү токтоткон. Учурда биз тажик бийлиги менен чек араны ачуу жана качкындарга документтерди берүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Анткени эл аралык укукка жана тажик мыйзамдарына ылайык, ар бир өлкө башпаанек издегендерди кабыл алууга милдеттүү. Ошол эле маалда ар бир өлкө качкындарды кабыл алуу-албоо тууралуу чечимди өз алдынча чечүүгө укуктуу", — деди Шоддер.

Ал башкармалыктын өкүлдөрү Душанбени ооган качкындарын мекенине кайтарбоого да чакырышканын кошумчалады.

Өткөн жумада БУУ Тажикстандын бийлиги 11-ноябрда башпаанек издеген 11 ооганстандыкты, алардын ичинде аялдар менен балдарды "күчтөп мекенине кайтарганын" кабарлаган. Уюмдун билдирүүсүндө башпаанек издеп Тажикстанга барып жаткан ооган жарандары мындан тышкары башка түрдүү тоскоолдуктарга да кабылып жатканы белгиленген.

Тажикстандын расмий адамдары башпаанек издегендер эл аралык уюмдардын колдоосу менен өлкөдө тиешелүү жардамдарды алып жатканын билдиришүүдө.

Быйыл августтун ортосунда Ооганстанда бийликке талибдер келгенден кийин өлкөнүн мурдагы өкмөтү менен кызматташкан адамдар репрессияга кабылуу коркунучуна кептелип, көбү башка өлкөлөргө, анын ичинде Тажикстанга качышкан. "Талибан" кыймылы эч кимди куугунтуктабай турганын убадалаганы менен жарандардын көпчүлүгү ага ишенбей келишет.

XS
SM
MD
LG