Ссылки доступа

Караганда: сот шахтадагы жабдуулардын ишин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды


Караганда облустук экономикалык соту "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык Кузембаев атындагы шахтанын жабдууларынын ишин убактылуу токтотуу тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) доо арызын канааттандырды.

Айдын башында ӨКМдин өнөр-жай коопсуздугу комитетинин Караганда облустук департаменти аталган шахтанын ишин токтотууну талап кылып сотко кайрылган. Анда мекеме бул талабын шахтада жумушчулардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирген эреже бузуулар бар экени менен түшүндүргөн.

Андан бери убакыт берилгенине карабастан, "АрселорМиттал Темиртау" компаниясы аталган шахтада аныкталган кемчиликтерди 14-декабрдагы сот отурумуна чейин толук жойгон эмес. Компаниянын өкүлү соттон дагы убакыт берүүнү өтүнүп, кемчиликтерди жоюу боюнча иштер 2022-жылдын январында толук аяктай турганын билдирди.

Бирок сот кемчиликтер жоюлганга чейин жер астындагы жабдууларды колдонууну, ошондой эле шахтага жүктөрдү түшүрүү жана чыгаруу иштерин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды.

7-ноябрда Караганда облусунун Абай шаарындагы "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык шахтада кырсык болуп, алты кенчи каза болгон. Анда Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин өкмөт жыйынында сүйлөп, мекеме буга чейин "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык ишканаларда коопсуздук талаптары аткарылбай жатканы боюнча көптөгөн эреже бузууларды аныктаганын, бирок соттор алардын шахталарды жабуу өтүнүчүн четке кагып, айып пул төлөтүү менен гана чектелип келишкенин айткан.

"Арселор Миттал Темиртау" компаниясы Караганды облусундагы бир нече шахтага жана Темиртау шаарындагы металлургиялык комбинатка ээлик кылат.

XS
SM
MD
LG