Вашингтондогу басма сөз жыйынында Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайс Москваны тез арада Навальныйды абактан бошотууга чакырды. Өз сөзүндө ал Орусия зомбулукка каршы болуп жаткан бейөкмөт уюмдарга карата "экстремизм" сөзүн колдонууну токтотушу керектигин айтты.
25-январда Навальный жана анын бир нече тарапташы террорчулар менен экстремисттердин тизмесине киргизилгени кабарланган. Бул тизмедеги адамдардын орус банктарындагы эсептери дароо камакка алынат.
Былтыр июнда Москва шаардык соту Навальныйга байланышы бар баардык уюмдарды "экстермисттик" деп тапкан.