Видео социалдык түйүндөргө 8-февралда жарыяланды. Азырынча анын качан жаздырылганы белгисиз. Аймакта үч айдан бери интернет байланышы жок.
"Бийликти бизди жайыбызга коюп, тынч жашообузга мүмкүндүк берүүгө чакырып келебиз. Бирок алар бизди камап, өлтүрүп жатышат. Алар мени укук коргоо органдарына багынып бер деп жатышат. Менин эмне күнөөм бар? Же мен "Ислам мамлекети" сыяктуу топко кошулуп кеттимби? Балким менин адилеттүүлүктү талап кылып, чындыкты айтып, элди коргоп жатканым бийликке жакпай жаткандыр. Биз душман эмеспиз. Мамлекетти да, президентти да саткан жокпуз. Биз болгону өлкөдө тынчтык болушун каалайбыз", — деди Мамадбокиров видеокайрылуусунда.
Ал өзүнө коюлуп жаткан айыптоолорду четке кагып, аймактагы айрым кызмат адамдарын, анын ичинде автоном облустун азыркы төрагасын мыйзамсыз аракеттерге айыптоодо.
"Бүгүн силер бизди террорчулар деп атап, Хорогго көп сандаган аскерлерди киргиздиңер. Мындан көрө чек араны кайтарышпайбы. Бизде курал-жарак жок, бирок таштар менен коргоно алабыз", — деди ал.
Буга чейин жергиликтүү жашоочулар аскерлерди Мамадбокировдун үйүнүн жанына жайгаштыруу аракети көрүлгөнүн, бирок эл ага жол бербей, түн ичинде көчөлөрдү кайтарып жатышканын билдиришкен.
Азырынча аймактын бийлиги Мамадбокировдун бул билдирүүсүнө эч кандай реакция кыла элек. 10-январда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун төрагасы Алишер Мирзонабот аймактын бейформал лидерлери деп айтылып жүргөн Мамадбокиров баштаган адамдарды "бийлик органдарынын нормалдуу иштешине тоскоолдук кылып жаткан уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери" деп атаган.
Өткөн жумада жергиликтүү прокуратура Мамадбокировго каршы Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.
6-февралда "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, бийлик Махмадбокир Махмадбокиров менен анын алты шеригине өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына багынып берүүгө бир жума убакыт бергенин кабарлаган.
Ал ортодо облус бийлиги акыркы бир жумадан бери жергиликтүү "Бадахшан ТВ" телеканалы аркылуу Мамадбокировду аймактагы билим берүү башкармалыгынын жетекчисин ур-токмокко алууга айыптап, Мамадбокиров менен анын тарапташынан укук коргоо органдарына багынып берүүнү талап кылууда.
2021-жылы ноябрда болгон Хорогдогу окуялардан кийин бийлик жергиликтүү телеканал аркылуу Мамадбокировдун ысымын бир нече жолу атап, анын кылмыштуу иштерге тиешеси бар экенин айткан. Бирок Мамадбокиров мындай айыптоолорду четке кагып, ал өзү жана тарапташтары да эч кандай кылмыш кылбаганын билдирип келет.