Ссылки доступа

Тажикстанда райондук энергосатуу бөлүмүнүн башчысына бычак сайган тургун 8,5 жылга соттолду


Тажикстандын Согди облусундагы Матчин райондук соту аймактагы энергосатуу бөлүмүнүн башчысы Рустам Туйчиевге бычак сайган жергиликтүү тургунду 8,5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, адвокат райондук соттун бул өкүмү боюнча кассациялык арыз жазды. Азырынча соттолгон адамдын аты-жөнү ачык айтыла элек.

2021-жылы октябрда Матчин райондук энергосатуу бөлүмүнүн башчысы Рустам Туйчиевге буга чейин иштен алынган кызматкер келип кол салган.

"Ал тескөөчү жумуштан алынгандан кийин Туйчиевдин иш бөлмөсүнө кирген. Ортодо пикир келишпестик жаралып, ал бөлүм башчыны бычак менен төшкө сайган. Туйчиев дароо ооруканага жеткирилген", - деп кабарланган анда.

Кол салган адамга каршы "Адам өлтүрүү максатында кол салуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Туйчиев бир канча убакыт райондук ооруканада дарылангандан кийин үйүнө чыгарылган.

XS
SM
MD
LG