Ссылки доступа

Алматыда полиция Шинжаңдагы туугандарын кайтарууну талап кылгандарды кайрадан кармады


29-мартта Алматыдагы Кытай консулдугунун алдында Шинжаңдагы туугандарын кайтарууну талап кылган бир нече кишини полициячылар кармап кетти. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына активист Байболат Кунболатулы билдирди.

"Алар консулдукка келер замат акимчиликтин өкүлү акция мыйзамсыз экенин эскертти. Апалар акимчиликке 15 күн мурун барып, аким Ерболот Досаевге кат калтырышканын айтышты. Катта алар "Шинжаңдагы туугандарыбызды кайтарганга чейин Кытай консулдугунун алдында акция өткөрүүгө уруксат бериңиз жана бизди кабыл алыңыз" деп жазышкан. Тилекке каршы жооп дагы, уруксат дагы берген жок. Полиция буга көңүл бурбай алып кетти", - деди активист.

Анын айтымында, Халида Акытхан, Гүлфия Казыбек, Нурзат Ермекбай жана Гүлбаран Омирали кармалды. Алар Медеу райондук полиция бөлүмүнө жеткирилди. Гүлфия Казыбектин жанында алты жаштагы уул да болгон.

“Азаттыктын” кабарчысынын Алматы полиция департаментинен комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.

Шинжаңдагы жакындарын кайтарууну талап кылган акциялар Алматыдагы Кытай консулдугунун алдында 2021-жылдын февраль айынан бери өтүп жатат. Нааразылыкка чыккандар бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылып, камакка алынышты. Алардын айтымында, айып пулдун жалпы көлөмү бир нече миллион теңгеге жетти.

Бул убакыт аралыгында Кытайдын дипломатиялык миссиясынан бир дагы киши алар менен жолуккан жок. Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо Шинжаңда кармалгандар кытай жарандары экенин жана алар Кытай мыйзамдарын бузганын билдирген. Казакстандын тышкы иштер министрлиги Шинжаңдагы абалды Кытайдын ички иши деп атаган. Бээжин Нур-Султандын эң ири инвесторлорунун жана насыячыларынын бири.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулман "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG