Ссылки доступа

Түркмөн бийлиги Орусияга айыл-чарба азыктарынын экспортун көбөйтүүгө ниеттенүүдө


Батыш өлкөлөрү Москвага каршы санкцияларды киргизгенден кийин Түркмөнстандын бийлиги Орусияга азык-түлүк экспортун көбөйтүү боюнча аракеттерин күчөттү. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, өткөн аптада Мары облусунун Каракум районунда жергиликтүү дыйкандардын катышуусунда атайын жыйын өтүп, жашылча-жемиштерди өндүрүүнү көбөйтүү зарылдыгы айтылган.

"1-апрелде Каракум районундагы маданият үйүндө атайын жыйын өттү. Ага аймактагы күнөскана ээлери менен дыйкандар чакырылып, Орусияга айыл-чарба азыктарынын экспортун көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү түшүндүрүлдү", - деп билдирди "Азаттыктын" Мары облусундагы кабарчысы.

Марттын аягында Москвага киргизилген эл аралык санкциялардын фонунда Түркмөнстандын бийлиги жергиликтүү ишкерлер менен дыйкандарга кайрылып, Орусияга айыл жана мал чарба азыктарынын экспортун көбөйтүү пландалып жатканын эскерткени кабарланган.

Эл аралык санкциялардан улам Орусияда айрым азык-түлүк товарларынын тартыштыгы жаралды.

XS
SM
MD
LG