27-март күнү эртең менен Вахш районундагы Якатут айылында үч күн мурда баш кошкон Зиёев менен Шоева асынып алган жеринен табылган. Графологиялык экспертиза алардын уктоочу бөлмөсүнөн табылган өлүм алдында жазылган каттагы кол жазма Зиёевге таандык экенин ырастаган.
25-апрелде Гулвахастын атасы Махмадзоир Шоев кызы өз өмүрүнө кол салып өлгөнүнө ишенбей турганын билдирди. Анын айтымында, кызынын өлүмү боюнча тергөө толук жана объективдүү жүргөн эмес.
"Прокуратуранын маалыматына ылайык, Шарифбек 2021-жылдын ноябрынан бери психикалык жактан оорулуу болгон. Тергөөчү ата-энеси уулун алгач дарылап, андан кийин гана үйлөндүрүшү керек болгонун айтты. Бул маалыматтардан кийин кызым өз жанын кыйган эмес деген жыйынтыкка келдим", - деди Шоев.
Буга чейин "Озоди" радиосу Хатлон облустук психоневрологиялык ооруканага шилтеме кылып, Шарифбек Зиёев менен Гулхавас Шоева медициналык жайда каттоодо эмес экенин кабарлаган. 30-мартта Шарифбектин агасы Сафархужа Зиёев инисинин саламаттыгы жакшы болгонун айтып, мындай кадамга эмнеге барганын түшүнбөй турганын билдирген.
26 жаштагы Шарифбек Зиёев менен 17 жаштагы Гулхавас Шоева быйыл 24-мартта баш кошушкан. Алар буга чейин тааныш эмес болчу, ата-энесинин макулдугу менен үйлөнүшкөн.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы Тажикстанда 518 суицид жана ага аракет кылуу учуру катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 47 учурга аз.