Ссылки доступа

Украинада тажик тектүү дагы бир жоокер каза болду


Орусиянын бийлиги Украинадагы согушта Тажикстандын Файзабад районунда туулуп-өскөн 25 жаштагы жоокери каза болгонун билдирди.

Жакындарынын айтымында, маркум Алижон Сафаров көп жылдан бери орус армиясында кызмат өтөп жүргөн, бирок анын Украинадагы согушка катышып жатканын билишкен эмес.

Орус бийлиги берген маалыматка караганда, Сафаров 8-майда каза болгон. Азырынча анын Украинанын кайсы шаарында жана кандай шартта көз жумганы, ошондой эле анын сөөгү Тажикстанга жеткирилер-жеткирилбеси да белгисиз.

23-апрелде Барнаул шаарында Тажикстанда туулуп-өскөн орус армиясынын 24 жаштагы жоокери Абубакр Нозимовдун сөөгү жерге берилген. Жакындарынын айтымында, ал Украинадагы согушка 15-февралда жөнөтүлүп, 12-апрелде Харьков шаарын курчоого алуу аракети маалында желкесине ок тийип каза болгон.

Украинада үч айга жакын убакыттан бери уланып жаткан согушка Тажикстанда туулуп-өскөн канча аскер катышып жатканы белгисиз. Андан бери орус армиясында кызмат өтөгөн онго жакын тажик тектүү жоокердин каза болгону ырасталды.

Жакында украин басылмалары согушка катышып жаткан орусиялык аскерлердин тизмесин жарыялаган. Анда Борбор Азия өлкөлөрүндө туулуп-өскөн 6 миңге жакын жоокер болсо, алардын 100ү тажик тектүү экени белгилүү болгон.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG