Жыйында сөз сүйлөгөн жазуучу Смагул Елубай ушул күнгө чейин Казакстан парламентинде ачарчылык курмандыктарын бир мүнөттүк эскерүү болбогонун айтты.
Тарыхчы Хангелди Абжанов Казакстандын тарыхын изилдөөдө азыркы күнгө чейин тоскоолдуктар бар экенин белгиледи.
"1993-жылы саясий репрессиянын курмандыктарын актоо жөнүндө мыйзам кабыл алынганы менен архивдик документтер азыркы күнгө чейин ачыкка чыккан жок. Ошол документтер ачыкка чыкпаса, саясий кыргын-сүргүндүн курмандыктарын иликтөө аяктады деп айта албайбыз. Тоталитаризм азыр да уланууда", - деди Абжанов.
Тарыхчылардын маалыматына караганда, 1937-38-жылдары совет бийлиги жүргүзгөн саясий репрессия кезинде Казакстанда 120 минден ашык адам куугунтукка учурап, 25 миңи атылган. 1928-жылдагы конфискациянын натыйжасы 1932-34-жылдардагы ачарчылыкка алып келип, ар кыл маалымат боюнча Казакстанда 1,3 – 1,5 миллион киши каза болгон.
1988-жылы 4-ноябрда Казак ССРинин Жогорку соту репрессия кезинде атылган Ахмет Байтурсынов, Жусупбек Аймаутов, Миржакып Дулатов, Халел Габбасов жана Магжан Жумабаев баштаган 14 казак интеллигенциясын актаган. 1993-жылы 14-апрелде Казакстан "жапырт саясий репрессия курмандыктарын актоо жөнүндө" мыйзам кабыл алган. Ошондон бери сталиндик репрессияда атылгандарды, куугунтукталгандарды актоо жараяны жүрүп келет.