Ошол эле маалда Pamir Daily News басылмасы өз булактарына шилтеме кылып, Мазоров менен Ражабов өздөрүн жардырып жиберишкенин кабарлады. Тоолуу Бадахшан автоном облусунда интернет жана телефон байланышы жок болгондуктан, бул окуя боюнча башка булактардан маалымат алуу мүмкүн эмес болууда.
Тоолуу Бадахшандагы коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча мекемелер аралык штабдын маалыматына караганда, Хурсан Мазоров менен Зоир Ражабов "тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарына расмий түрдө бир нече жолу чакырылган. Бирок алар бул талапты аткаруудан баш тартып, укук коргоо органдарына куралдуу каршылык көрсөтүшкөн".
Расмий маалыматка ылайык, 50 жаштагы Мазоровго каршы "Терроризм", "Адам өлтүрүү", "Мыйзамсыз маңзат сатуу" сыяктуу 11 берене боюнча кылмыш иши козголгон. 50 жаштагы Ражабов "Мамлекеттик имараттар менен курулуштарды басып алуу", "Раса жана улут аралык кастыкты козутуу", "Терроризм" өңдүү сегиз берене менен айыпталууда.
Тажикстандын укук коргоо органдары 11-июнда Тоолуу Бадахшанда жергиликтүү "уюшкан кылмыштуу топтордун" үч лидери – Аёмбеков Толиб, Шанбиев Мунаввар жана Гулобов Ниёзшо кармалганын билдирген.
Тоолуу Бадахшандагы абал быйыл май айынын ортосунан бери курчуп турат. 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургуну митингге чыгып, Душанбе дайындаган автоном облустун башчысын жана мэрди кызматтан кетирүүнү, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.
Көп узабай тажик бийлиги аймакта "антитеррордук операция" баштаганын, анын жыйынтыгында "сегиз жоочу жок кылынып, дагы 11и жарадар болгонун" маалымдаган. Мындан тышкары 100дөн ашык киши кармалганы кабарланган. Жергиликтүү жашоочулар каза тапкандар мындан кыйла көп экенин айтышкан.
27-майда "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму "Тажикстандын бийлиги нааразылыкка чыккандарды куугунтуктоону токтотуп, аларга каршы жасалган кылмыштарды иликтеши керек" деп билдирген.