Ссылки доступа

Пянж дарыясынын Ооганстандагы жээгинде тажик аскеринин сөөгү табылды


6-июль күнү эртең менен Пянж дарыясынын Ооганстандын Шикай уездиндеги жээгинде Тажикстандын аскердик формасын кийген адамдын сөөгү табылды.

Бул маалыматты Ооганстандын аталган аймагы менен чектешкен Тажикстандын Дарваз райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы ырастады. "Сөөктүн табылганы анык. Бирок биз аны көрө элекпиз, ошондуктан анын тек-жайы тууралуу эч нерсе айта албайбыз. Куткаруучулар 20-майдан бери дарыянын жанында кырсыкка кабылган автоунаанын жүргүнчүлөрүн издеп жатышат. Ал ошолордун бири болушу мүмкүн ", – деди мекеменин башчысы Усмон Курбонов. Ошол эле маалда ал кеп кайсы жол кырсыгы жөнүндө болуп жатканын тактап айткан жок.

Маркумдун сөөгүн суудан алып чыгып жаткан учурга күбө болгон жергиликтүү тургундардын айтымында, анын көкүрөк тушунда октон алган үч жарааты болгон. Бирок бул маалыматты башка булактардан ырастоо мүмкүн боло элек.

Июндун аягында Пянж дарыясынын Ооганстанга жакын жээгинде Тажикстан Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы милиция күчтөрүнүн (ОМОН) кызматкери Сангали Камоловдун сөөгү табылган. Жакындары ал 20-майда ОМОНдун башка кызматкерлери менен чогуу Тоолуу Бадахшан автоном облусуна кеткенин, бирок "орто жолдо дайынсыз жоголгонун" билдиришкен.

23-майда "Озоди" радиосу Хорогдун укук коргоо органдарына жакын булагына шилтеме кылып, "Рушан районуна жакын жерде ОМОНдун жети жоокери дайынсыз жоголгонун" кабарлаган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ОМОН кызматкерлеринин жоголгону же дарыяга агып кеткени тууралуу эч кандай расмий кабар боло элек.

XS
SM
MD
LG