Ссылки доступа

Казакстан жарандык авиация үчүн 24 учак сатып алууга ниеттенип жатат


Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри Каирбек Ускенбаев Air Astana авиакомпаниясынын президенти Питер Фостер менен жолугуп, жаңы учактарды сатып алуу иштерин тездетүү тапшырмасын бергенин билдирди.

"Менин тапшырмам менен жылдын аягына чейин беш жаңы учак алуу каралууда. Тактап айтканда, Fly Arystan авиакомпаниясынын паркы эки, Air Astana авиакомпаниясыныкы үч учак менен толукталат. Жалпысынан 2025-жылга чейин 24 жаңы учак, анын ичинде Boeing 787 Dreamliner үлгүсүндөгү үч учак келет деп күтүлүүдө", – деп жазды Ускенбаев telegram-каналына.

Анын айтымында, авиакомпаниянын башчысы коюлган тапшырманы аткаруу үчүн бардык чаралар көрүлөрүнө ишендирди.

Министр казак авиакомпанияларынын учак паркын жакшыртуу жана жүргүнчүлөрдү ташуу мүмкүндүктөрүн көбөйтүү боюнча иштерди улантуу тапшырмасын берди. Ал ошондой эле авиакомпания каттамдарынын үзгүлтүккө учурашына, ошондой эле билеттердин жетишсиздигине байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Акыркы айларда казакстандык авиакомпаниялардын каттамдары убагында аткарылбай калганына даттангандар көбөйдү. Жүргүнчүлөр каттам убагында аткарылбай калганда көрсөтүлүшү керек болгон айрым кызматтар көрсөтүлбөгөнүнө жана курорттордогу эс алуулары үзгүлтүккө учураганына даттанышкан. Авиакаттамдардын кармалуусу ички да, тышкы да каттамдарда катталган.

Июлдун аягында өлкөнүн Жарандык авиация комитети жүргүнчүлөрдүн көптөгөн даттанууларынан кийин текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында бир нече авиакомпания, анын ичинде Air Astana административдик жоопкерчиликке тартылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG