Ссылки доступа

Каттамдарды кечиктергени үчүн Air Astana авиакомпаниясына айып пул салынды


16-июлда Алматы — Мале каттамын кечиктергени үчүн Air Astana авиакомпаниясына 3 миллион теңгеден ашык (6,2 миң доллар) өлчөмдө айып пул салынды. Бул тууралуу Казакстандын Жарандык авиация комитети кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жүргүнчүлөр каттамды 15 саат күткөнүнө карабастан, авиакомпания аларды мыйзамда көрсөтүлгөндөй мейманканага жайгаштырган эмес.

20-июлда Air Astana Мальдив аралдарынын баш калаасы Мале шаарына уча турган каттам техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кечиккенин билдирген.

Мыйзамга ылайык, эгер каттамдар авиакомпаниялардын күнөөсүнөн улам кечигип же аткарылбай калса, жүргүнчүлөргө эне жана бала бөлмөсү берилүүгө тийиш. Каттам эки саатка кечиккен учурда жүргүнчүлөргө муздак суусундуктар, төрт сааттан ашса, ысык тамак берилиши керек. Эгер каттам андан да көп кечиксе, күндүз алты саат сайын, түнкүсүн сегиз саат сайын ысык тамак берилиши зарыл. Күндүз сегиз сааттан ашык, түнкүсүн алты сааттан ашык күткөн жүргүнчүлөрдү авиакомпания мейманкана менен камсыздоого милдеттүү.

XS
SM
MD
LG