"Мугалимдер ишемби күндөрү эс алып, өз балдары менен болушу керек деп эсептейбиз. Бул мектеп директорлоруна, орун басарларына, мугалимдерге жана андагы бардык жумушчуларга тиешелүү", – деди Аймагамбетов педагогдордун республикалык конференциясында сүйлөп жатып.
Министр беш күндүк окуу форматына өтүү – мугалимдердин эмгек өргүүсүнүн узактыгына таасир этпей турганын, ал азыркыдай эле 56 күн деп сакталып каларын белгиледи.
Апта башында Казакстандын Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылынан тарта казак тилдүү мектептердеги 1-класстын окуучулары мурдагыдай дароо үч тилди эмес, казак тилин гана окуй турганын билдирген. Орус тилдүү мектептерде 1-класста мамлекеттик жана орус тили окутулат. Англис тили бардык мектептерге 3-класстан тарта кирет.
Казакстандын өкмөтү 16-августта министрликтин бул чечимин колдогон.
Буга чейин Билим берүү министрлиги мектептердеги окуу жылынын мөөнөтүн эки жумага узарткан. Ага ылайык, 1-класстар мурдагыдай 33 эмес, 35 апта, 2-11-класстар 34 жуманын ордуна 36 жума окуп калышат. Жайкы каникул 1-июндан 1-сентябрга чейин созулат.