Ссылки доступа

Өзбекстан ТИМи: Чек арадан мыйзамсыз өткөн ооган жарандары мекенине депортацияланат


23-августта Ооганстан менен Өзбекстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү жолугуп, чек арадан мыйзамсыз өткөн ооган жарандарынын кармалышына байланышкан окуяны талкуулашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сурхандарыя облусундагы Арал Пайгамбар аралчасынын аймагында болгон окуя эки тарапта тең чыңалуу жаратканы белгиленди.

ТИМдин маалыматында аралчада өзбек чек арачыларына каршылык көрсөтүлүп, жыйынтыгында эки ооган жараны каза болгону айтылган – өзбек тарап алардын жакындарына көңүл айтты. Мындан тышкары кагылышуу учурунда алты киши жараат алып, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Мекемеден аралдын аймагында кармалган жарандарды мекенине кайтарууга даярдык көрүү иштери аяктап калганын кошумчалашты.

21-августтта Өзбекстандын Арал Пайгамбар аймагында чек арадан мыйзамсыз өткөн 24 ооган жараны кармалганы кабарланган. Сурак маалында алар аралчага кызыл мыянын тамырын казуу үчүн келишкенин айтышкан.

XS
SM
MD
LG