Ссылки доступа

Тажикстанда 1200 өспүрүм бир айлык аскердик кызмат үчүн Коргоо министрлигине $3,2 млн төлөдү


Мобилизациялык резервдин алкагында аскердик даярдыктан өтүп жаткан 1200 тажикстандык өспүрүм өлкөнүн Коргоо министрлигинин атайын эсебине 32 миллион сомониден ашык (3,2 миллион доллардан көп) акча которду.

Тажикстанда "Аскердик милдет жана аскердик кызмат тууралуу" жаңы мыйзамга ылайык, аскердик курактагы уландар бир айлык кызмат өтөө үчүн мамлекетке 27 миң сомониден акча төлөп, аскердик билет алса болот.

Тажикстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Фаридун Махмадализоданын айтымында, мекеменин атайын эсебине түшкөн каражат жаңы аскер бөлүктөрүн курууга, Куралдуу күчтөрдүн аскердик-техникалык базасын модернизациялоого жана аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоо боюнча башка чараларга жумшалат.

"Мобилизациялык резервдин алкагындагы аскердик даярдыктардын башталганына эки жума болду. Дагы эки жумадан кийин алар ант берип, аскердик билеттерин алышат", – деп кошумчалады Махмадализод.

Айрым эксперттер акча төлөп, бир ай кызмат өтөгөндөн кийин аскердик билет алуу мүмкүнчүлүгү – тажик армиясынын согушка жарамдуулугуна терс таасир этиши мүмкүн деп эсептешет. Алардын айтымында, мындан тышкары армияда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары гана кызмат өтөп калат. Укук коргоочулар бул адам укуктарын бузуу болуп эсептелерин айтууда.

Тажикстанда жыл сайын аскерге чакыруу өнөктүгү башталганда жаштарды көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурлар тартылган көптөгөн видеолор тарайт. Мындан тышкары ЖМКлар менен соцтүйүндөргө армиядагы чоңсунуу, зомбулук учурлары жана уставдан тыш мамиледен улам көз жумган жоокерлер тууралуу макалалар да чыгып турат.

Тажик бийлиги өлкөдө "аскерге күч менен алып кетүү" тажрыйбасы жок экенин айтып, ошол эле маалда чакыруу алгандар аскердик комиссариаттарга өз каалоосу менен барбаса, милиция кызматкерлери аларды кармап келүүгө укуктуу экенин билдирип келет.

Июлдун башында Тажикстандын Коргоо министрлиги өлкө армиясы тууралуу "жалган маалыматтарды", анын ичинде "өспүрүмдөрдү аскерге күч менен алып кетүү учурлары тартылган видеолорду" таратуу үчүн административдик жаза киргизүүнү сунуштаган.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG