Ссылки доступа

Тажикстанда журналист Абдулла Гурбатинин соту жабык өтүүдө


Тажикстанда 29-сентябрда камактагы журналист Абулла Гурбатинин иши боюнча экинчи сот отуруму башталды. Душанбедеги убактылуу кармоочу жайда жабык өткөн отурумга адвокат менен бир күбөнүн гана катышуусуна уруксат берилди.

Соттон кийин судья менен адвокат журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартышты. Жактоочу бүгүнкү отурум тууралуу кечинде пресс-релиз болорун гана айтты.

"Озоди" радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, 29-сентябрдагы отурумда "Элнор" компаниясын өнүктүрүү үчүн ишкерлердин биринен акча алуу маселеси талкууланды. Бийликтин версиясына ылайык, компаниянын башчысы Идибек Латипов "терроризмге жакын адам" катары Тажикстандын Улуттук банкынын "кара тизмесине" киргизилген. 29-июлда "Озоди" радиосу менен байланышка чыккан Латипов 2007-жылдан бери Египетте жашай турганын айтып, бийликтин айыптоолорун "негизсиз" деп атаган.

"Сотто Абдулла Гурбати "Элнордун" башчысы тыюу салынган адамдардын тизмесинде экенин билбегенин айтты", – деди "Озодинин" булагы.

Гурбатинин иши боюнча алгачкы сот отуруму 21-сентябрда Душанбенин Шахмансур райондук сотунда башталган. Анда жергиликтүү РИИБдин үч кызматкери Абдулло Гурбатиге каршы көрсөтмө берип, 15-июнда ал аларды сабап, кемсинткенин билдиришкен. Өз кезегинде Гурбати бул айыптоолорду четке каккан.

Журналист Абдулло Гурбатини Душанбе шаарынын Шомансур райондук прокуратурасынын кызматкерлери быйыл 15-июнда кармап кетишкен. Бийлик аны аталган райондун милиция бөлүмүнүн кызматкерлерин сабоого айыптаган. Кийинчерээк Тажикстан ИИМи журналист өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясы" менен кызматташканын билдирген. Диний партия Гурбати эч качан уюмдун мүчөсү болбогонун жана кызматташпаганын кабарлаган.

26 жаштагы Гурбати акыркы үч жылдан бери "Азия Плюс" агенттиги үчүн видеосюжеттерди даярдап келген. Мындан тышкары ал "Фейсбуктагы" баракчасына коомдогу көйгөйлүү маселелер боюнча курч пикирин жазып турган.

XS
SM
MD
LG