Душанбенин Шомансур райондук соту журналистти 17-октябрда 10 жылга эркинен ажыратып, 12 800 сомони (1,2 миң доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирген. Имомали "Кылмыш иши жөнүндө жалган маалымат берүү", "Мыйзамсыз ишкердик менен алектенүү" жана "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.
Мурдараак "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, журналист "мыйзамсыз ишкерлик кылуудан" башка айыптоолордун баарын четке кагып жатканын кабарлаган.
Ал ортодо Имомалинин адвокаты райондук соттун өкүмү боюнча шаардык сотко арызданганы белгилүү болду. Журналисттин жакындарынын айтымында, апелляциялык арыз эки жума мурда жазылган, бирок дале жооп келе элек.
Журналисттин жубайы Зайтуна Иноятова күйөөсүн бошотууга көмөктөшүү өтүнүчү менен өлкө президенти Эмомали Рахмонго кайрылганын билдирди. "Үч баламдын тирүүлөй жетим калышына күйөөмдү мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тарткандар күнөөлүү", – деп жазган ал кайрылууда.
"Азыр балдарды аз гана пенсия алган чоң атасы менен чоң энеси багып жатат. Алдыда кыш келатат. Кышында көйгөй көп болорун баарыбыз эле билебиз. Азыр биздин колубуздан жакшылыкка үмүт кылып жашоо гана келет", – деди Иноятова 2-ноябрда "Озоди" радиосуна берген маегинде.
Буга чейин 7,5 жарым жылга соттолгон журналист Абдулло Гурбатинин жубайы Муборак Косим дапрезидентке кайрылып, күйөөсүн бошотууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. Бирок анын бул өтүнүчү жоопсуз калган.
Далери Имомалинин иши боюнча сот отурумдары Душанбедеги тергөө абагында жабык өтүп, ага адвокаты менен айрым жакын туугандарынан башка эч ким катыштырылган эмес.
Имомалинин он жылга соттолушу тажик коомчулугунда чоң резонанс жаратты. Социалдык түйүн колдонуучулары өкүмдү адилетсиз деп аташты. Бир нече эл аралык уюм, анын ичинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) менен Журналисттерди коргоо комитети тажик бийлигинен Имомалини жана башка камактагы журналисттер менен блогерлерди токтоосуз эркиндикке чыгарууну талап кылышты. Расмий Душанбе бул талаптарга эч кандай реакция кыла элек.
Акыркы үч айда Тажикстанда жети блогер жана журналист камалды. 4-октябрда Имомали менен бирге репортаждарды даярдап жүргөн Абдулло Гурбати жети жарым жылга соттолгон. Алар акыркы мезгилде социалдык темалар тууралуу видео материалдарды даярдап, айрым аткаминерлерди сынга алышкан.