Ссылки доступа

Өзбекстандын Билим берүү министрлиги: Саммитке байланыштуу Самарканддагы ЖОЖдор каникулга тарабайт


Өзбекстандын Билим берүү министрлиги Самарканд шаарында өтө турган Түрк мамлекеттеринин уюмунун саммитине байланыштуу аймактагы жогорку окуу жайларда (ЖОЖ) окуган студенттер каникулга чыгары тууралуу соцтармактардагы билдирүүлөрдү четке какты.

"Мындай билдирүүлөрдүн баары негизсиз. Саммит күндөрү Самарканддагы бардык жогорку окуу жайларда сабактар кадимки режимде уланат", – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Буга чейин Самарканд эл аралык аэропорту техникалык себептерден улам 8-ноябрдан 12-ноябрга чейин жабык болору кабарланган.

Түрк мамлекеттеринин уюмунун саммити Самарканд шаарында 11-12-ноябрь күндөрү өтөт.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, "саммитке Евразиянын маанилүү стратегиялык аймактарында жайгашкан түрк мамлекеттеринин жетекчилери катышат деп күтүлүүдө".

XS
SM
MD
LG