Ссылки доступа

Казакстандыктар Орусия оккупациялап алган Мариуполь шаарына жумушка чакырылууда


Казакстандын Костанай шаарындагы рекрутинг агенттиктеринин бири Украинанын Орусия басып алган Мариуполь шаарын калыбына келтирүү иштерине жумушчулар талап кылынып жатканы тууралуу жарыя жайгаштырды.

Агенттиктен билдиришкендей, "Орусияга вахта жумушчусу керек" деген бул жарыяга суроо-талап көп болууда.

Жергиликтүү жарнама сайтындагы жарыяга алгачкылардан болуп журналист Лукпан Ахмедьяров көңүл бурган.

"Бул нормалдуу нерсеби? Эсиңиздерге салып коёюн, Мариуполь орус баскынчылары убактылуу оккупациялап алган украин шаары. Орус армиясы шаарды дээрлик толугу менен талкалаган. Мариуполдо бери дегенде эле 85 миң жай тургун каза болгон. Алардын көбү бомбаланган көп кабаттуу үйлөрдүн урандыларынын алдында калган. Путиндик Орусия ушундай агенттиктер аркылуу жумушчу күчүн таап, өз кылмыштарын бетон менен куюп жашырууга ниеттенип жатат", – деп жазды журналист соцтүйүндөрдөгү баракчасына.

Ал ошондой эле Казакстанда мындай агенттиктердин ишмердүүлүгү канчалык деңгээлде көзөмөлдөнөрүнө кызыгып, Мариуполго иштегени бара турган казакстандыктардын коопсуздугу маселесин көтөрдү.

"Украин партизандары Орусиядан келген аскерлер да, куруучулар да душман катары кабыл алынарын эчак эле эскертишкен", – деди Ахмедьяров.

Ал ортодо Костанайдагы рекрутинг агенттигинин өкүлү 14-декабрда бул шаарга 11 казакстандык жөнөп кетерин айткан. "Биз жумуш гана таап беребиз, алардын коопсуздугуна орусиялык компаниялар жооп берет", – деген ал "Азаттыктын" кабарчысы менен телефондо сүйлөшкөндө. Агенттиктин өкүлү журналисттерге толук интервью берүүгө макул болбой, материалда аты-жөнүн колдонууга тыюу салган.

Жарыянын текстинде Мариуполго барып иштегендерге айына 900 миң теңгеден (1900 доллар) маяна төлөнөрү убадаланган.

Masa.media басылмасы Мариуполдогу жумуш тууралуу жарыя "ReКадро" жана "Кнопка" сайттарына да чыкканын жазды.

"Азаттыктын" казак кызматы бул жарыялар боюнча өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетине, Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурасына кайрылганда аларда мындай маалыматтар жок экенин билдиришти.

Казакстандын Украинадагы элчилигинен "бул маселе боюнча элчиликке эч ким кайрылбаганын" айтышты.

XS
SM
MD
LG