Ссылки доступа

Өзбекстан Ооганстанга электр энергиясын берүүнү 25-январда калыбына келтирерин билдирди


Өзбекстан Ооганстанга электр энергиясын берүүнү 25-январда калыбына келтирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Өзбекстан Ооганстанга электр энергиясын жеткирүүнү 14-январда токтоткон. Буга Өзбекстандагы суук аба ырайынан жана жылуулук берүү станцияларындагы мүчүлүштүктөрдөн улам отун тартыштыгы жаралганы себеп болгону айтылган.

"Өлкөдөгү керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында Ооганстанга экспорт убактылуу токтотулуп, бул боюнча коңшу өлкөнүн энергетикалык компанияларына алдын ала маалымат берилген", – деп жазылган өзбек Энергетика министрлигинин билдирүүсүндө.

Күн мурун Ооганстандын талибдер түзгөн өкмөтүндөгү ИИМ башчынынын милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки өзбек бийлигин электр кубатын Ооганстанга келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө жеткирүүнү улантууга чакырган.

Өзбекстан жыл башында Ооганстанга электр энергиясын жеткирүү тууралуу келишимди узарткан. Ага ылайык, кыш мезгилинде Өзбекстан коңшу өлкөгө 450 МВт электр бериши керек.

XS
SM
MD
LG