Ссылки доступа

Тажикстан 2022-жылы рекорддук көлөмдө электр энергиясын өндүрдү


Тажикстан 2022-жылы 21 миллиард киловат-сааттан ашык электр энергиясын өндүрдү. Бул өлкөнүн энергетикалык тармагы иштей баштагандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Өлкөнүн энергетика министри Далер Жуманын айтымында, өткөн жылы жалпысынан 21,4 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчтөн 3,8% же 775,7 млн. кВт/саатка көп.

Министр суук күндөрү электр жарыгынын өчүрүлүшү подстанциялардагы аварияларга байланыштуу экенин билдирди. Ошол эле маалда ал өлкө боюнча жалпысынан канча авария болгонун тактап айткан жок.

"Жакынкы күндөрү кайрадан суук болот деп күтүлүүдө. Азыр буга чейинки суук күндөрдөгүдөй калкты электр жарыгы менен камсыз кылуунун үстүнөн иштеп жатабыз", – деди Жума.

Министр электр энергиясынын көп өндүрүлгөнүнө карабастан, калктын толук жана үзгүлтүксүз жарык менен камсыз болбой жатышын электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүп жатканы менен түшүндүрдү.

Өткөн жумада Тажикстандын аймактарындагы жашоочулар 20-январдан тарта кайрадан электр жарыгы 22:00дон таңкы бешке чейин өчүрүлө баштаганына даттанышкан. Тургундардын көбү муну Өзбекстан менен Ооганстанга электр энергиясы экспорттолуп жатканы менен байланыштырууда.

Далер Жуманын айтымында, өткөн жылы Тажикстан 2,5 миллиард кВт/саат электр энергиясын экспорттогон. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 5% же 118,4 миллион кВт/саатка көп.

XS
SM
MD
LG