Ссылки доступа

Казакстанда журналист Михаил Козачков үй камагына чыкты


Казакстанда "Время" гезитинин журналисти жана Kozachkov offside телеграм-каналынын автору Михаил Козачковдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыкты. Бул тууралуу басма сөз эркиндигин коргогон "Адил сөз" уюму билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Алматынын тергөө соту 18-февралда кабыл алды.

Михаил Козачков 2022-жылы 18-декабрда кармалган. Журналист экс-президенттин иниси Болат Назарбаевдин "жардамчысы" аталган Елдос Коспаевдин кылмыштуу тобунун рейдерлик ишине көмөктөшкөн деп шектелүүдө. Тергөөнүн версиясына ылайык, Коспаев рейдерликти ишке ашыруу үчүн жабырлануучуларга каршы маалыматтык чабуулда Козачковдун кызматынан пайдаланган. Маалыматта мындай кызматы үчүн ал "уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнөн" 52 миллион теңге (112 миң доллар) алганы айтылган.

Журналист өзүнүн адвокаттары аркылуу айыптоолорду четке каккан. Козачковдун кесиптештери анын кармалышын профессионалдык ишмердүүлүгүнө байланыштырышкан.

20-декабрда Алматынын тергөө соту Михаил Козачковду 2023-жылдын 18-февралына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. 30-январда сот анын камактагы мөөнөтүн 18-мартка чейин узарткан.

Казакстандын журналисттер биримдиги укук коргоо органдарына кайрылып, "өлкө мыйзамдарын, анын ичинде жазыксыздык жоромолун сактоого", ошондой эле Козачковдун ишин объективдүү кароого чакырган. Өлкөдөгү ондогон ЖМКлар менен медиа уюмдардын өкүлдөрү президент Касым Жомарт Токаевге Козачковду эркиндикке чыгаруу чакырыгы жазылган кайрылуу жолдошкон. "Адил сөз" уюму да Токаевге кайрылып, Козачковдун конституциялык укуктары бузулуп жатканына даттанган. Уюм тергөө жана сот эл аралык стандарттарга шайкеш, адам укуктарын сактоо менен өтүшү керектигин белгилеп, журналистти токтоосуз бошотууга үндөгөн. Эл аралык "Журналисттерди коргоо комитети" да журналисттин кармалганына тынчсыздануусун билдирген.​

XS
SM
MD
LG