Ссылки доступа

"Альфа Телеком" Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өткөрүлүп берилиши мүмкүн


"Альфа Телеком" жабык акционердик коому (MEGA бренди) Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкаруусуна өткөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында өлкөнүн экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Ал депутаттын суроосуна жооп берип жатып, компанияны өнүктүрүү үчүн аны Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкаруусуна берүү пландалып жатканын айтты.

"Компания мамлекеттин карамагында калат, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 100% өкмөткө таандык. Банк мамлекеттик ишканаларды каржылап, төмөнкү пайыз менен насыяларды берет. "Меганы" өткөрүп берүү менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы көбөйөт", - деди министр.

Мурдараак президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев уюлдук оператор мамлекеттин карамагында каларын жана жеке колго өткөрүлбөй турганын айткан.

2021-жылы июлда Жогорку Кеңештин депутаттары "Альфа Телекомдун" (мамлекеттин үлүшү 100%), Министрлер кабинетинин Кепилдик фондундагы (14,9%), "Керемет Банктагы" (0,74%) жана "Евразиялык Сактык банкындагы" (76,56%) акцияларын сатууну караштырган мамлекеттик мүлктү менчиктештерүү жөнүндөгү программага киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Альфа Телекомду" Улуттук банк сатып алышы мүмкүн экенин айткан. Бирок Улуттук банк компанияны сатып албай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG