10-марттагы кайрылуусунда уюм тажик президентинен Шамсиддиндин кайсыл жерде кармалып турганын аныктоону жана кыйноого кабылбашы үчүн анын ишин өз көзөмөлүнө алууну өтүнгөн. Мындан тышкары кайрылууда Шамсиддинге айып тагуу үчүн жетиштүү далилдер жок экени жана ал "тез арада эркиндикке чыгарылышы керектиги" белгиленген.
Amnesty International Абдулло Шамсиддиндин кармалышын анын атасы Шамсиддин Саидовдун ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. Кезинде "Ислам кайра жаралуу партиясынын" негиздөөчүсү Саид Абдулло Нуринин жардамчысы болгон Саидов 2018-жылы Хатлон облустук соту тарабынан сыртынан 15 жылга кесилген.
Азырынча тажик бийлиги эл аралык уюмдун бул кайрылуусу боюнча эч кандай комментарий бере элек.
Буга чейин Тажикстандын Башкы прокуратурасы менен Ички иштер министрлиги Абдулло Шамсиддиндин кайсыл жерде экени тууралуу маалыматтары жок экенин билдиришкен. Өткөн жумада Абдуллонун жубайы Сумая Пирова күйөөсү УКМКнын тергөө абагында экенин, аны менен телефондо сүйлөшкөнүн айткан.
Германияда 2009-жылдан бери жашап келген 32 жаштагы Абдулло Шамсиддин мекенине 18-январда депортацияланып, андан бери анын кайда экени белгисиз болуп жаткан. Атасы Шамсиддин Саидов уулунун Тажикстанга депортацияланышына өзү жөнүндө немис бийлигине туура эмес маалымат бергени себеп болгонун билдирген.
"Ал Германияга достору менен чогуу келген. Эмнегедир алар немис бийлигинен өздөрү тууралуу чыныгы маалыматтарды жашырып коюшкан. Маалыматтарды туура көрсөтсө тажик бийлиги алардын кайда жүргөнүн билип калып, Тажикстандагы жакындарын куугунукташы мүмкүн деп ойлошуптур. Ошондуктан бирөө ысымын өзгөртсө, башкалары фамилиясын, туулган жылын алмаштырып жазышкан", – деген Саидов.
Буга чейин чет өлкөлөрдөгү тажик оппозиция өкүлдөрүнөн куралган "Тажикстандын улуттук альянсы" эгер Абдулло Шамсиддин мекенине депортацияланса, ал түрмөгө камалып, кыйноого кабылышы мүмкүн экенин билдирген.
Тажикстанда "Ислам кайра жаралуу партиясы" террордук уюм деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынгандан кийин анын көптөгөн мүчөлөрү Европа өлкөлөрүнө, анын ичинде Германияга барып, башпаанек алышкан.