Быйыл июль айынан тарта чыга турган "Аркадаг" гезитинин негизделиши – өлкө жетишкендиктерин "дүйнөгө жайылтуу" зарылдыгы менен түшүндүрүлүүдө. Сентябрь айында эфирге чыга турган "Аркадаг" телеканалы да ушундай эле максатты көздөйт.
Буга чейин Түркмөнстанда баш калаанын аталышын алып жүргөн "Ашхабад ТВ" телеканалы түзүлгөн. "Аркадаг" – шаардын аталышы берилген өлкөдөгү экинчи телеканал болуп калат.
30-мартта Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Аркадаг шаарына "мамлекеттик маанидеги өзгөчө макам" берүү тууралуу токтомго кол койгон.
"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы өз булактарына таянып, президенттин бул токтому акырындык менен Түркмөнстандын борборун Аркадаг шаарына көчүрүү же ага экинчи борбор макамын берүүгө жол ачышы мүмкүн экенин кабарлады.
Талдоочулар Аркадаг шаарынын айланасындагы бул окуяларды "түркмөн лидерине сыйынуунун күчөшү" катары баалап жатышат.
Аркадаг шаары өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов туулуп-өскөн айылдан алыс эмес жерде салынууда. Өткөн жумада бул шаардын курулушуна 5 миллиард доллар коротулары кабарланган.
Аркадаг түркмөн тилинен которгондо "колдоочу" дегенди билдирет. Дал ушундай наамга өлкөнүн мурдагы президенти, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов ээ.