Газета.уз басылмасы билдиргендей, гуманитардык жардам 19-апрелде Термезден Хайратонго келип түштү.
Гуманитардык жүктү тапшыруу аземи ошол эле күнү Хайратондо өттү. Ага Өзбекстандын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев, Сурхандарыя акиминин орун басары Анвар Орипов жана Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн экономика министри Дин Мухаммад Ханиф катышты.
Ооган тарап өзбек элине Орозо айындагы жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
Аймакта соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташууну арттыруу боюнча сүйлөшүүлөр болду.