Ссылки доступа

Казакстан постсоветтик өлкөлөрдүн эгемендигине шек келтирген Кытай элчисинин өлкөгө киришине тыюу салбайт


Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров Кытайдын Франциядагы элчисинин постсоветтик өлкөлөрдүн эгемендигинен күмөн санаган билдирүүсүнө реакция жасоонун кажети жок деп эсептейт. Бул тууралуу ал 24-апрелдеги брифинг учурунда билдирди.

“Мен Кытай ТИМинин позициясын ачыктаган кесиптешимдин сөзүн колдойм”, - деди Смадияров.

Дүйшөмбү күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мао Нин элчи Лу Шайдын сөзү Кытайдын расмий саясатын чагылдырбай турганын жана жеке көз карашы экенин айткан.

Айбек Смадияров Казакстан Кытайга нааразылык нотасын жөнөтпөй турганын жана Ли Шайдын өлкөгө келишине тыюу салынбасын ачыктады:

“Бул элчи Францияда иштейт, биз ал жакка кантип нота жиберебиз?”.

Смадияров Казакстан 1992-жылдын 2-мартында БУУга мүчө болгонун кошумчалады. Уюмга кабыл алуу жөнүндө чечим Кытай туруктуу мүчө болгон Коопсуздук Кеңешинин сунушунун негизинде Башкы Ассамблея тарабынан кабыл алынган.

"1991-жылдын 16-декабрында Казакстан эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин Кытай биринчилерден болуп өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн тааныган. 1992-жылдын 3-январында Казакстан менен Кытай дипломатиялык мамилелер түзүлгөнүн расмий жарыялаган. Эл аралык укукта дипломатиялык мамилелерди орнотуу мамлекетти эл аралык укуктун субъектиси катары таанууну билдирет", - деп айтты казак тышкы саясий мекемесинин расмий өкүлү Айбек Смадияров.

21-апрелде Кытайдын Париждеги элчи Лу Шай франциялык LCI (La Chaine info) каналына берген маегинде мурдагы советтик өлкөлөрдүн эгемен мамлекеттер экенинен шек санаган оюн ортого салган:

"Эл аралык укукта мурдагы советтик өлкөлөр натыйжалуу макамга ээ эмес. Анткени алардын суверендүү мамлекет деген макамына конкреттүү форма берген эл аралык келишим жок".

"Крым Украинага таандыкпы?" деген суроого элчи, "Жарым арал эң башынан эле Орусияга таандык болчу, аны Никита Хрущев Украинага белекке берген" деп жооп берди.

Bloomberg жазгандай, Кытайдын Франциядагы элчилиги ал маектин стенограммасын жарыялагандан көп өтпөй WeChat социалдык тармагындагы расмий аккаунтунан алып салды.

Франциянын Тышкы иштер министрлиги Лу Шайдын айткандарын “тынчсыздануу менен кабыл алганын”, Кытайдын өкүлүн түшүндүрмө берүү үчүн чакырганын билдирди.

Латвия, Литва, Эстония жана Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү кытайлык элчинин сөздөрүн катуу айыпташты.

XS
SM
MD
LG