Анын айтымында, Украинада согуш башталгандан кийин айрым товар түрлөрүнүн башка өлкөлөрдөн Казакстанга, андан ары Орусияга экспорту кыйла көбөйдү.
"Биз азыр айфондор же кир жуучу машинелер жөнүндө айткан жокпуз. Кеп Украинанын аймагында жарандык адамдар менен аскерлерди бомбалоо үчүн колдонулуп жаткан ракеталарды жана дрондорду жасоодо пайдаланыла турган электрондук компоненттер тууралуу болууда", – деди Аксельрод.
Ал АКШнын бийлиги биринчи кезекте ракеталар менен дрондор үчүн керектүү болгон электрондук схемалар, компьютердик чиптер сыяктуу товарларга өзгөчө көңүл бурууда.
"Биз бул боюнча казак өкмөтүнүн жана өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буга чейинки жолугушуулардын жыйынтыктарын эске алуу менен казак тарап бизди түшүнүп, толук колдоого даяр деп айта алам. АКШнын, Улуу Британиянын, Европа Биримдигинин жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү бул компоненттердин Орусияга жеткирилишин токтотууга болгон аракетин көрөт деп ишенем", – деди ал.
Аксельроддун айтымында, ал ушул жумада АКШнын каржы министринин жардамчысы Элизабет Розенберг менен бирге аймактагы башка өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да барууну пландап жатканын кошумчалады.
Өткөн аптада АКШнын Каржы министрлиги "санкциялардын сакталышын бекемдөө үчүн" Борбор Азия өлкөлөрүнүн аткаминерлери жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушуулар болорун кабарлаган.
24-апрелде Астанага барган Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Москва түздөн-түз же кыйыр түрдө Украинада согуштук максаттар үчүн колдонулушу мүмкүн болгон европалык товарлардын Казакстанга, андан ары Орусияга экспорту кыйла көбөйгөнүн билдирген.
Марттын башында Bloomberg агенттиги 2022-жылы Казакстан Орусияга 3,7 миллион долларга микрочиптер менен жарым өткөргүчтөрдү сатканын кабарлаган. 2021-жылы бул көрсөткүч болгону 12 миң долларды гана түзгөн. Казакстандын бийлиги бул товарлар Орусияга экспорттолуп жатканын ырастаган. Бирок орус бийлиги аларды согуштук максаттар үчүн пайдаланышы мүмкүн экенин четке каккан.
Казакстан Орусиянын Украинага кол салуусун айыптаган эмес жана Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына кошулган эмес. Ошол эле маалда өз аймагын санкцияларды кыйгап өтүү үчүн колдонууга жол бербей турганын бир нече жолу билдирген.
Расмий Астана Орусияга реэкспорттун көлөмү өскөнүн танбайт, бирок кеп Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына расмий кошулбаган Кытай, Индия жана Вьетнам өңдүү мамлекеттердин товарлары жөнүндө болуп жатканын билдирип келет.