Ссылки доступа

Гүлнара Каримованын 303 миллион доллары Өзбекстанга эмес, офшор компанияга кайтарылышы мүмкүн


Өзбекстандын маркум президентинин камактагы кызы Гүлнара Каримованын Швейцариядагы банк эсептеринде тоңдурулган 303 миллион доллары Өзбекстанга эмес, Гибралтарда катталган "Такилант" офшор компаниясына кайтарылышы мүмкүн.

Өткөн жылы июлда Швейцариянын Кылмыш иштери боюнча федералдык соту Каримованын адвокаттары берген апелляциялык арызды канааттандырган. Анда Швейцария прокурорлору камакка алынган каражаттын коррупциялык жол менен табылганын ырастаган документтерди көрсөтө албаганы, ошондой эле пара катары көрсөтүлгөн каражатты алган учурда Гүлнара Каримова бир дагы мамлекеттик кызматта иштебегени жазылган.

Соттун чечиминде Каримова ал кезде болгону ишкерлик менен гана алектенгени жана анын активдери телекоммуникациялык бизнестен түшкөн мыйзамдуу киреше катары каралышы керектиги белгиленген.

Бул ишке көз салып жаткан активисттердин айтымында, прокурорлор бүгүнкү күнгө чейин соттун бул чечими боюнча даттана элек.

Өзбекстанда 51 жаштагы Гүлнара Каримова 12 жыл бою өлкөдөгү жүз миллиондогон активдерге ээлик кылган уюшкан кылмыштуу топту көзөмөлдөгөн жана 2 миллион доллар каражатты жашырган деп айыпталган.

Өзбекстандын Башкы прокуртурасынын маалыматына караганда, Каримованын чет өлкөлөрдөгү каражаты 1 миллиард доллардан ашык деп бааланууда. Ал Швейцариянын жети банкындагы 30 эсепти жана сегиз сейфти көзөмөлдөйт.

Былтыр Өзбекстандын бийлиги Каримованын чет өлкөлөрдөгү "кылмыштуу жол менен тапкан" 1,3 миллиард долларлык активин кайтаруу боюнча АКШ, Швейцария, Франция, Орусия жана Латвия өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген. Анда конфискацияланган сумманы кайтаруу үчүн БУУнун көп тараптуу трасттык фонду түзүлөрү айтылган.

2013-жылы октябрда Өзбекстанда Гүлнара Каримовага каршы "Опузалап акча талап кылуу" жана "Салык төлөөдөн качуу" беренелери менен кылмыш иштери козголгон. Анда Каримова Terra Group, Prime Media жана Gamma Promotion компанияларынан түшкөн кирешелерден салык төлөбөгөнү кабарланган.

Каримова 2015-жылы биринчи иш боюнча беш жылга, 2017-жылы экинчи иши боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк анын камактагы мөөнөтү беш жылга эркиндигин чектөө жазасына алмаштырылган.

2020-жылы мартта Ташкент шаардык соту Гүлнара Каримованы 13 жыл 4 айга соттогон. Ал "Мамлекеттин каражатын уурдоо", "Өзбекстандын кызыкчылыктарына туура келбеген келишимдерди түзүү" жана "Башка бирөөнүн ири суммага бааланган мүлкүн ээлеп алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Каримова 2019-жылдын жазынан бери Ташкент облусунун Зангиата районундагы №21 аялдар колониясында жазасын өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG