Ссылки доступа

Казакстанда камактагы журналист Думан Мухаметкаримдин атасы ачкачылык жарыялады


6-июнда Алматы облусунун Иле райондук прокуратурасынын алдында камактагы журналист Думан Мухаметкаримдин атасы Алмаз Тилепов ачкачылык жарыялады. Ал үчүнчү жолу катары менен 25 суткага камакка алынган уулун бошотууну талап кылууда.

Тилепов баласы эркиндикке чыгарылмайынча прокуратуранын имаратынан кетпей турганын билдирди.

"Камакта отурган балам да ачкачылык жарыялаган. Ал мени аяп, адвокаты аркылуу үйгө баруумду өтүндү. Бирок аны мыйзамсыз кармап, түрмөгө камаган укук коргоо кызматкерлери кечирим сурамайынча кетпейм", – деди Тилепов.

Иле райондук прокуратурасынын өкүлү Сунгат Сатбаев журналистти кармаган полиция кызматкерлеринин аракетинин мыйзамдуулугу текшерилерин билдирди.

28-майда "Ютубдагы" ND каналынын автору Думан Мухаметкарим соттун чечими менен 25 суткага административдик камакка алынып, ошол эле күнү ачкачылык жарыялаган. Ал "Тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.

2-июнда Иле райондук полиция департаменти Мухаметкаримдин абалы туруктуу экенин, "суюктук гана ичип жатканын" билдирген.

3-июнда журналисттин ата-энеси райондук полициянын имаратына келип, аны бошотууну талап кылышкан.

Думан Мухаметкарим жыл башынан бери "Тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу" беренеси боюнча үч жолу камакка алынды.

Мартта ал парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык катары митинг өткөрөрүн билдиргенден кийин камалган. Апрелдин аягында интернетке анын видеокайрылуусу жарыяланып, ал бийликтин аракетине каршы акцияга чыгарын айткандан кийин камакка алынган. Мухаметкарим 26-майда эркиндикке чыгып, 28-майда кайра камалган.

Казакстанда укук коргоочулар бийликтин тынч жыйын өткөрүүнү жана оюн ачык айтууну каалагандарды куугунтуктап жатканын сынга алып келишет. Расмий Астана өлкөдө саясий куугунтук бар экенин четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG