Ссылки доступа

Полиция Астанада митинг өткөрүүнү пландаган активисттерди кармап жатат


Казакстандын аймактарында Астанадагы эл аралык форум күндөрү митинг өткөрүүнү пландаган активисттер кармалууда.

Алматыда полиция "Алга, Казакстан" кыймылынын активисттери Асет Абишев менен Бибигүл Иманалиеваны үйүнөн чыгып баратканда кармап кетти. Бул учур тартылган видеолор активисттердин Фейсбуктагы баракчаларына жарыяланды.

Абишев камакка алынганга чейин түз эфирге чыккан: "Бүгүн Марат Жыланбаевди колдогон, саясий туткундарды бошотууну жана "Алга, Казакстан" партиясын каттоону талап кылган тынч митинг өтүшү керек болчу. Көчөдө жарандык кийимчен полиция кызматкерлери күтүп турушат", - деген Абишев.

Андан соң аны автобус аялдамасында полициячылар кармап кетишкен.

Бибигүл Иманалиева да үйүнөн чыгып бараткан жеринен кармалган. Активистке эки полициячы келип, расмий документтерин көрсөтпөстөн жана өздөрүн тааныштырбастан номуру жок унаага салып кетишкен.

Акмоло облусунда жашаган активист Амангелди Жахин анын үйүнүн жанына да полиция кызматкерлери коюлганын билдирди.

Буга чейин "Активисттер Экстремисттер эмес" мониторинг тобу "Алга, Казакстан" кыймылынын тарапкерлери Алматы, Астана, Петропавловск шаарларында тынчтык митингдерин өткөрүү боюнча алты билдирүү тапшырышканын, бирок бийлик четке какканын билдирген. Митингдер 8-9-июнь күндөрү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда Астанада өтө турган эл аралык форум күндөрү өтөт деп күтүлүп жаткан.

XS
SM
MD
LG