Орус аскерлери Пятихаткиден чыгып кеткенин орусиялык аскерий блогерлер да жазып чыгышты.
Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн калктуу конушту басып алуу аракетинен майнап чыкпаганын билдирген.
Маляр 19-июнда Телеграмга контрчабуулдун эки жумасында украин аскерлери орус армиясынын көзөмөлүндө турган сегиз калктуу пунктту бошотконун жазды. Буга чейин Новодаровка, Левадное, Сторожевое, Макаровка, Благодатное, Лобковое жана Нескучное бошотулган.
Маляр акыркы эки жумада украин аскерлери түштүккө жети чакырым илгерилеп, 113 чарчы чакырым аймакты бошотконун кошумчалады.
Согуш учурунда жаатташкан тараптардын билдирүүлөрүн текшерүү өтө кыйын.