"Польшанын бийлиги Адам укуктары боюнча Европа сотунун 24-майдагы чечимине карабастан, Абдурахимзоданы Душанбеге өткөрүп берди. Тажикстанда аны кыйноолор жана узак мөөнөттүк жаза күтүп турат", – деди адвокат Богумив Зигмонт.
Өткөн айда Польшанын бийлиги Сорбон Абдурахимзоданы мекенине экстрадициялоо чечимин өзгөрткөнү кабарланган.
Украинада жашап жүргөн 30 жаштагы Абдурахимзода согуш башталгандан кийин үй-бүлөсү менен Польшага өтүүгө аракет кылган. Бирок чек арада кармалып, мамлекеттин "коопсуздугуна коркунуч туудурганы үчүн" аны депортациялоо жараяны башталган. Сорбон Абдурахимзода тыюу салынган оппозициялык топтор менен кызматташууга шектелип, Польша-Украина чек арасындагы качкындар лагерине жайгаштырылган.
Тажикстанда Сорбон Абдурахимзодага кандай айыптар тагылганы белгисиз. Жакындары бийлик аны оппозициялык "Группа 24" кыймылынын видеосуна "лайк" коюуга айыптап жатканын билдирүүдө. Сорбон бул айыптоону "негизсиз" деп атаган.