Ссылки доступа

Казакстанда сот активист Ермек Нарымбаевдин жазасын жеңилдетти


Алматы облусундагы Конаев шаардык соту камактагы активист Ермек Нарымбаевдин апелляциялык арызын канааттандырды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы активисттин адвокаты Жанара Балгабаевага шилтеме кылып кабарлады.

Нарымбаев апелляциялык арызында өтөп бүтө элек жаза мөөнөтүн жеңилирээк жазага – айып пул төлөөгө алмаштырууну өтүнгөн. Жыйынтыгында сот активисттин калган жаза мөөнөтүн эркиндигин чектөө жазасына алмаштырды.

Эгер 15 күндүн ичинде прокурор соттун бул өкүмү боюнча апелляциялык арыз бербесе, анда активист абактан чыгат.

Адвокаттын айтымында, Нарымбаев эркиндикке чыккандан кийин 11 айга жакын пробациялык көзөмөлдө болот.

"Ага карата жарандык укуктарына байланыштуу чектөөлөр болот. Коомдук ишмердүүлүккө байланыштуу бардык нерсеге тыюу салынды. Көңүл ачуучу жайларга, коомдук иш-чараларга, басма сөз жыйындарына, митингдерге жана башка ушул сыяктуу жерлерге бара албайт", – деди адвокат.

Нарымбаев былтыр күзүндө президенттик шайлоону таза өткөрүүнү талап кылып, абакта дээрлик 54 күн ачкачылык кармаган. Ал 20 килограммдан ашык салмак таштап, ден соолугу начарлагандан кийин 20-ноябрда ачкачылыгын токтоткон.

Жергиликтүү укук коргоочулар 52 жаштагы Нарымбаевди өздөрү түзгөн "саясий туткундардын тизмесине" кошкон.

Ермек Нарымбаев 2016-жылдын январь айында социалдык тармактардагы посту үчүн "Дин жана улут аралык кастыкты козутуу" беренеси менен үч жылга эркинен ажыратылган. Кийин ал үй камагына чыгарылгандан кийин Казакстандан чыгып кетип, бир нече жыл Украинада жашаган. Активист былтыр февралда Алматыга кайтып келери менен кармалган.

XS
SM
MD
LG