"Сангтуда 1" ГЭСинин жетекчилиги билдиргендей, бул өткөн жылдын алгачкы алты айындагы көрсөткүчтөн 84 миллион кВт саатка көп.
Бирок "Барки Тажик" 2023-жылдын биринчи жарымында алган электр энергиясынын 31% үчүн гана төлөгөн. Компаниянын "Сангтуда 1" ГЭСине болгон карызы быйыл 346 миллион сомониге көбөйүп, 2,7 миллиард сомониге (245 миллион доллардан ашык) жетти.
"Сангтудин 1" ГЭСи орус-тажик биргелешкен ишканасы болуп саналат. Ишканада тажик өкмөтү 25%, орусиялык компаниялар 75% үлүшкө ээ. ГЭСтин кубаттуулугу – 670 МВт.
"Барки Точик" ишканасы ГЭСке болгон карыз этап-этабы менен төлөнөрүн билдирүүдө.