Ссылки доступа

Өзбекстанда абитуриенттердин дээрлик жарымы босого баллдан өткөн эмес


Быйыл Өзбекстандын жогорку окуу жайларына кирүү сынактарында абитуриенттердин 49,4 пайызы босого баллдан өткөн жок.   Өзбекстанда ЖОЖдорго тапшыруу үчүн кеминде  56,7 упай топтоо керек.

Өзбекстандын Жогорку билим берүү министрлигине караштуу Билимди жана квалификацияны баалоо агенттигинин маалыматы боюнча, быйыл тестирлөөгө 888 миң 472 абитуриент катышкан. Анын ичинен 439 миңден ашууну (49,4%) 56,7 упай ала алган эмес.

56,7 баллдан жогору алган абитуриенттердин саны 449 миңди (50,6%) түздү. 2022-жылы бул көрсөткүч 51,2% пайыз болгон.

20-июлда Өзбекстандын ЖОЖдоруна документтерди кабыл алуу аяктады. Абитуриенттер эң көп документ тапшырган университет Өзбекстандын Улуттук университети болду. Бул окуу жайга 36 782 абитуриент документ тапшырган.

XS
SM
MD
LG