Ссылки доступа

Назарбаевдин сүрөтү Алматы метросунун дубалынан алынды


Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин фотопортрети Алматы метросундагы "Алмалы" станциясынын дубалынан алынды. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлашты.

Сүрөт ал жерде метро ачылган 2011-жылдын декабрынан бери илинип турган.

Алматы метросунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, сүрөт айнеги менен рамкасы сынганына байланыштуу алынган. Анын өз оруда кайтарылар-кайтарылбасы азырынча белгисиз.

Январдын башында Нурсултан Назарбаевдин Астанадагы Улуттук коргонуу унверситетинин аймагындагы эстелиги алынган. Эстелик Назарбаевдин 80 жылдыгына карата 2020-жылы орнотулган. Былтыр декабрда Казакстандын Тунгуч президенти-Елбасы атындагы Улуттук коргонуу университетинин аталышы жөн гана Казакстандын Улуттук коргонуу университети деп өзгөртүлгөн. Коргоо министрлиги билдиргендей, эстелик Казакстан Куралдуу күчтөрүнүн мамлекеттик аскердик-тарыхый музейине жайгаштырылат.

2022-жылы күзүндө Казакстанда Туңгуч президенттин күнү мамлекеттик майрамдардын тизмесинен чыгарылып, баш калаанын аталышы Нур-Султандан Астана болуп өзгөртүлгөн. 2023-жылдын башында Казакстандын Конституциялык соту "Биринчи президент-Елбасы" тууралуу мыйзам күчүн жоготкондугун билдирген. Баш мыйзамдан Назарбаевдин макамы жана ролу тууралуу бардык сүйлөмдөр алынган. Ошол эле жылы президент Касым-Жомарт Токаев бул мыйзамды жокко чыгаруу жөнүндө буйрукка кол койгон.

Мындан тышкары Нурсултан Назарбаевдин "ардактуу сенатор" макамы да алынып, канцеляриясы жабылган.

XS
SM
MD
LG