Ссылки доступа

Бухарада журналистке кол салуу болду


Taftish.uz маалымат агенттигинин Бухарадагы атайын кабарчысына бычак менен кол салуу болду. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кол салган адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 6-февралда Бухара облусунун Шафиркан районундагы кафелердин биринде болгон. Журналист менен анын таанышынын ортосунда чыр чыгып, экинчиси ашкана бычагы менен журналистти ашказан тушка сайган. Жабырлануучу учурда ооруканада дарыланууда.

Бул факты боюнча "Атайылап киши өлтүрүү" жана "Кылмышка даярдануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG