Мекеменин маалыматына ылайык, Курбоналиевге "Кылмыштуу топ түзүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Учурда ал Душанбедеги тергөө абагында камакта отурат.
2023-жылы декабрдын башында "Группа 24" кыймылы Германияда немис бийлигинин чечими менен Тажикстандын жараны Билол Курбоналиев кармалып, 24-ноябрда мекенине экстрадицияланганын билдирген. Ал октябрда Германияда жүрүү эрежесин бузганы үчүн кармалганы кабарланган.
Билол Курбоналиев Германияда 2022-жылдан бери жашап жүргөн. Бул өлкөдө анын качкын макамы болгон эмес.
"Группа24түн" маалыматына караганда, Курбоналиев 2023-жылы күзүндө тажик президенти Эмомали Рахмондун Германияга сапарына каршы Берлинде өткөн нааразылык акциясына катышкан.
Тажикстандык оппозициялык уюмдар немис бийлигин Курбоналиевди Душанбеге өткөрүп бербөөгө чакырып, мекенинде ал камакка алынып, кыйноого жана катаал мамилеге кабыларын билдиришкен.
2022-жылы Тажикстандын бийлиги чет өлкөлөрдөн 100гө жакын жаранын, анын ичинде терроризм менен экстремизмге шектелген 18 кишини экстрадициялаган. Кийин алардын көбү узак мөөнөттөргө соттолгон.
2023-жылы декабрда АКШ Сенатынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Бен Кардин өлкүнүн ичиндеги да, сыртындагы да оппозицияны куугунтуктаганы үчүн Душанбени сынга алып, президент Эмомали Рахмонду "тынч демонстранттар менен коомдук лидерлерге каршы репрессияларды" токтотууга чакырган.