Ссылки доступа

Москва: Мигрант шылуундардын айынан 7 млн рубль карыз болду (видео)


Москва: Мигрант шылуундардын айынан 7 млн рубль карыз болду (видео)
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00

Москвада шылуундар кыргызстандык мигранттын атынан жеке ишкерлик ачып, аны Орусиянын Федералдык салык кызматына 7 млн рубль карыз кылып коюшкан. 30 жаштагы жигит жеке маалыматтары белгисиз адамдардын колуна кантип өтүп кеткенин билбейт.

Мамат Касымов (аты-жөнү өзгөртүлдү) бул тууралуу банк карталары бөгөттөлгөндө гана билген. Белгисиз бирөөлөр анын атынан жеке ишкерлик үчүн документ ачып, кирешесин өздөрү колдонуп, салыгын ага оодарып коюшкан.

"Картама онлайн кирсем эле бөгөттөлүп калыптыр. Карыз деп турат. Эртеси дароо Салык кызматына бардым. Жеке ишкерлик [ИП] ачыпсың дешти. Андай болушу мүмкүн эместигин айттым. ИИНди бердим. Сүрөттөрүм чыкты. Паспорттогу маалыматтар меники, сүрөттө башка эле киши турат", – дейт ал.

Мамат Касымов анын атына ишкерлик документи кандай жол менен ачылганын билбейт. Кабарлама келген эмес. Документте курулуш ишмердүүлүгү жүргүзүлө тургандыгы көрсөтүлгөн.

"Мындайча айтканда, ошол уюм менин атымда экен да. Мен азыр анын директору экенмин. Чынында андай эмес", - деди ал.

Маматтын пикиринде, шылуундар жеке ишкерликти электрондук жол менен ачкан. Жеке маалыматтарын алып, башка биринин сүрөттөрүн коюп коюшкан. Анын жеке маалыматтары шылуундардын колуна кантип тийгени белгисиз. Ал миграциялык документтерди жасатууда ортомчулук кылган кишилер аралашкан болушу ыктымал деп эсептейт.

"Миграциялык документ жасатыш керек да. Тааныштарды издейбиз. Бирөөгө чалабыз: "Таанышыңыз барбы, регистрация жасатуу керек эле" дейбиз. "Менде бар" дешет. Биз аларга жеке маалыматтарды жиберебиз. Ошентип биздин жеке маалыматтар аларда калып калат го", – деди мигрант жигит.

Мамат Орусиянын Салык кызматына арыз менен карылып, 7 млн рубль карызын жокко чыгарууну өтүнгөн. Учурда чечимди күтүп жатат.

Мамат Орусияга 2017-жылы барган. Акыркы төрт жылдан бери дүкөндө курьер болуп иштейт. Ал азырынча полицияга арыз жаза элек. Орусиянын Федералдык салык кызматынын териштирүүсүн күтүп жатат.

XS
SM
MD
LG