Ссылки доступа

Асман шаарынын курулушу май айында башталат


Проект города Асман
Проект города Асман

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев “Вечерний Бишкек” басылмасына интервью берип, Чүй облусунда электромобилдерди чыгаруучу заводдун иши жана Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушу боюнча бир катар суроолорго жооп берди.

Туманбаев 28-февралда президент Садыр Жапаров ачылышына катышкан завод быйыл августтан тартып алгачкы автоунааларды чыгара баштай турганын белгилеп, келерки жылдан толук кубаттуулукта иштей турганын билдирди. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Асман шаарынын курулушу токтоп калганын комментарийлеп, ал иш да улантыларын билдирди.

“Асман шаарын салуу май айында башталат. “Токтоп калды” деген туура эмес. Андан бери кагаз иштери жүрүп жатат. Инвесторлор тараптан “техникалык-экономикалык негиздемесин кайрадан иштеп чыгалы” деген сунуштар болуп, анысын кайрадан жасап жатышат. Азыр бүтөйүн деп калышты. Май айынан тарта инфратүзүмүн куруу башталат. Президент капсула салган бир дагы иш токтогон жок. Үч жылдан бери асты бүтүп, арты курулуштар башталып атат. Өзүңөр көрүп атасыңар. Мына Бишкек шаарында 40 миң киши бата турган стадиондун курулушу башталууда. Буга 1 миллиард сом бөлүнүп берилди. Жакында “Барселона” стадиону менен шаарчасы башталат. Ар нерсенин өзүнүн бүтчү убагы болот да. Кичине сабыр кылып туралы”, – деген Каныбек Туманбаев басылмага.

Кыргызстандын бийлиги Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар куруу дымагын 2021-жылы жай айында билдирген. Ошол эле жылы күздө өкмөт "Асман" шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын түзгөн. 2023-жылдын мартында жаңы калааны курулушун көзөмөлдөө милдети Президенттин иш башкармалыгына өткөн.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-июнунда Ысык-Көл облусунун аймагында “Асман сити” деген шаардын курулушуна старт берген. Капсула салуу аземинен кийин аз убакыт өтүп-өтпөй андагы курулуштар кайра токтоп калган.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүккореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Асман шаары 500 миң кишиге ылайыкталат.

XS
SM
MD
LG