Ссылки доступа

БУУнун атайын баяндамачысы Душанбени түрмөдөгү 8 саясий туткунду бошотууга чакырды


Мэри Лолор
Мэри Лолор

Укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачы Мэри Лоулор БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, тажик бийлигин саясий туткун деп таанылган кеминде сегиз журналист жана активистти бошотууга чакырды.

Лоулор 2022-жылы Тажикстанда болгонун жана айрым укук коргоочулар менен жолуга алганын белгиледи.

Анын айтымында, башкалардын укуктарын коргоо менен алектенгендердин көбү кысымга кабылып, коркуу менен жашап жатышат.

"Юристтер, журналисттер жана башкалар адам укуктарын коргоо иштери үчүн бутага алынууда. Алар куугунтуктоо, коркутуу, кылмыш жоопкерчилигине тартуу, жабык жана адилетсиз сот жараяндары, камоо сыяктуу администртивдик көйгөйлөргө туш болушууда", - деди Мэри Лоулор.

Атайын баяндамачы Далери Имомали, Абдулло Гурбати, Завкибек Сохибов, Абдусаттор Котибов, Абдусаттор Пирмухаммадзода, Улфатхоним Мамадшоева, Манучехр Холикназаров, Фаромуз Иргашев жана Хушруз Жумаевди бошотууга үндөдү.

2022-жылы Тажикстанда аталган журналисттер, блогерлер жана активисттер узак мөөнөткө, айрымадары өмүр бою эркинен ажыратылган. Укук коргоочу уюмдар аларды саясий туткундар деп эсептешет, анткени алар бийликти өлкөдөгү коомдук-саясий көйгөйлөрдү оңдоого чакырганга аракет кылышкан.

XS
SM
MD
LG