Маалыматка караганда, Ташкент облусунун Бекабад районунда жашаган жубайлар 2 кызын Бука районундагы тууганына таштап, Орусияга иштегени кетишкен. Ал жерде кыздары күн сайын ур-токмокко кабылган.
Айыпталуучунун айтымында, 12-мартта ал үй тапшырмасын аткарбаган жети жаштагы жээнин таяк менен сабаган. Кыз алган жараатынан улам ооруканага жеткирилип, аялга "ден соолукка атайылап оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. 13-мартта аял убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эки күндөн кийин, 15-мартта кыз реанимацияда каза болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.